Ынтымакка үндөгөн турнир

Менин Шаарым / Мой Город

Учурда өлкөбүздүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт иштери жүрүүдө. Пандемия учурунда үгүт иштери менен бирге саясый оюндар да орун алууда. Ага карабастан шаарыбызда жашоо өз нугу менен өтүп жатат. Шаар тургундарын сергек, дени сак жашоого үндөө жана саясаттан алыс болуу максатында 26-июнда Токмоктогу “Шумкар” спорт клубунун аянтында футбол боюнча турнир өттү.
Аталган спорттук мелдеш “№5 орто мектебинин ынтымагы” урааны астында ишке ашты. Анын жөнү бар. Анткени спорттук иш чара №5 орто мектептин 1985-2002-жылы туулган бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп, анын катышуучуларынын өзөгүн өздөрү түзүштү. Мектептин мугалимдери жана шаар тургундары күйөрмандардын катарында болушту. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 13 муунун баш коштурган футбол турнири ынтымак менен коштолгон атаандаштыкта биринчи ирет өткөрүлдү. Натыйжада, 1-орунду №5 орто мектебинин 2001-жылы туулган бүтүрүүчүлөрү, 2-орунду 1990-жылкы, ал эми 3-орунду 1985-жылы туулган бүтүрүүчүлөрү жеңип алышты. Биринчи орунга турнирдин негизги байгеси – Кубок ээлерине тапшырылды. Калган байгелүү орундарга ээ болгон футболчуларга медалдар сыйлык катары берилди. Турнир мектептин бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланды.Турнирдин шарты боюнча 2001-жылы туулган чемпион -бүтүрүүчүлөрүнө кийинки турнирдин уюштуруу эстафетасы өткөрүлүп берилди. Кийинки бүтүрүүчүлөр ортосундагы футбол мелдеши сентябрь айында өтүп, квартал сайын уюштурулуп турмакчы. Бул тууралуу турнирди уюштуруучуларынын бири, жогоруда аталган мектептин бүтүрүүчүсү Нурсултан Камчыбеков билдирди.
Футбол турнири шаар тургундарын ынтымакка, биримдикке, спортту сүйүүгө үндөп, спорттун өнүгүшүнө чоң салымын кошту.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru