Задолженность по налогам

Менин Шаарым / Мой Город

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды туум жана санкциясыз төлөңүз

Мамлекеттик салык кызматы төлөөчүлөрдү салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын негизги суммасын төлөө менен кошуп эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырат.
Мындай жеңилдик 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштеген Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы ‘’Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамы менен берилип жатат.
Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туумдар, санкциялар жана айып пулдары эсептен чыгарылат.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.


Погасите задолженность по налогам и страховым взносам без уплаты пени и санкции

Государственная налоговая служба Кыргызской Республики призывает плательщиков использовать возможность списания начисленной пени, санкций и штрафов, уплатив основную сумму задолженности по налогам и страховым взносам.
Такое послабление предоставляет Закон Кыргызской Республики от 14 августа 2020 года, который действует до 31 декабря 2021 года.
Согласно Закону, на 100 процентов будут списаны пеня, санкции и штрафы тем плательщикам и гражданам,
которые до 1 июля 2021 года погасят основную сумму задолженности по налогам и страховым взносам, образовавшуюся до 1 июля 2020 года, и на 50% тем, кто погасит основную сумму задолженности до 31 декабря 2021 года.
Для реструктуризации задолженности по налогам и страховым взносам необходимо обратиться в налоговый орган по месту регистрации.
Более подробную информацию можно получить по телефону 116 или на сайте www.sti.gov.kg.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru