Жаңы жылдык белектер өз ээлерин тапты

Менин Шаарым / Мой Город

Бүгүн, 31-декабрь калың элдин маанайы көтөрүңкү болуп, кирип келе жаткан чычкан жылын чыдамсыздык менен күтуп жатышканын айтпасак да белгилүү. Анткени, ар бир жаңырган жылдан жакшы нерселерди үмүт кылабыз.
Бул күнү шаар мэри Данияр Амангельдиев шаарыбыздагы аз камсыз болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок, айтор, жакырчылыктан жапа чеккен 25 үй-бүлөнүн ар бирине резервдик фондунан 5 000 сомдон бөлүп берди. Майрамдын алдында тапшырылган мындай жаңы жылдык белектер албетте, белек ээлерин кубантпай койгон жок.
Мындан сырткары, жыл сайын өткөрүлүүчү “Аяз атага кат” акциясынын негизинде шаарыбыздын кичинекей жашоочусу Б. Молдожусуповго КР президентинин атынан келген белектерди вице-мэр С. Ступников жана Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Э. Исмаилова өз колдору менен тапшырышты.

Э. ТОЙМАТОВА.