Жакында төрөт үйү ишке берилет

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок аймактык ооруканасынын жаңы эки кабаттуу төрөт үйүнүн курулуш иштери соңуна чыгып, жакын арада ишке берилгени турат. Азыркы учурда бардык заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар жана эмеректер алынып келип, орнотулуп жаткан мезгили. Төрөт үйү: ыңгайлуу палаталар, эки төрөт бөлмөсү, операция бөлмөсү, жаңы төрөлгөн ымыркай жана эне үчүн жандандыруу бөлүмү, медайымдар үчүн бөлмөлөр жана керектүү медициналык шаймандар менен камсыз болот.
Ар бир бөлүмдө экиден палата жайгаштырылса, ар палатада экиден орундук, ымыркай үчүн өзүнчө керебет, шкаф, жуунучу жай жана даараткана менен камыздалган. Жалпысынан 35 орунга ылайыкталып, бул имаратта лифт дагы орнотулган.

Эске сала кетсек, Токмок аймактык ооруканасынын акушердик-гинекологиялык бөлүмүнүн курулушу былтыр күз мезгилинде башталган эле. Быйылкы жылдын апрель айына ачылышы пландалганы менен өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, курулуш иштери узартылган.
Арабдардын «Ас-Сафа Борбору» коомдук фондунун эсебинен курулуш иштерине жана төрөт үйүнүн эмерек жана шаймандары үчүн 57 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бийлик бөлгөн акча каражатына кире бериш жолдорго чектеш аймакты иретке келтирүү жана асфальттоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары аймактык оорукананын эсебинен төрөт үйүнүн аймагына отургучтар, таштанды челектер орнотулуп, жашылдандыруу максатында балатылар отургузулган.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru