Жалындан коркпогон жаш куткаруучулар

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 18 сентябрында шаарыбызда жайгашкан №21 өрт жана куткаруу бөлүгүндө окуучулар арасында “Жаш куткаруучу” аталыштагы командалык мелдеш болуп өттү. Мелдешке 14 жаштан 18 жашка чейинки 10 мектеп жана 1 мектеп-гимназиянын жогорку классындагы окуучулары катышып, жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алышты. Мелдеш 3 тапшырмадан түзүлдү. Ар бир тапшырманы мыкты аткарган алдыңкы үч команда жана жалпы командалыктан алган орундары үчүн Токмок шаардык мэриянын диплому жана сыйлуу белектер менен сыйланышты. Бул иш чара КР аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу айына карата өткөрүлдү.

Толук маалыматты «Менин шаарым» гезитинен окуй аласыздар.