ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАР

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 1-мартка чейинки аралыкта шаарыбызда Ата- Мекенди коргоо күнүнүн урматына арналган мини футбол боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Мэр сыйлыгы үчүн ат салышкан командалардын кызыктуу оюну “Арена” спорт комплексинде өткөрүлдү. Аталган турнирге Казакстан, Бишкек, Ош, Ысык-Ата, Юрьевка, Талас, Чолпон – Ата жана Токмок шаарыбыздан келген 12-13 жаш курагындагы мектеп окуучуларынын 9 командасы катышышты.
Атаандаштарын артка калтырып, байгелүү орундарды өз капчыктарына ыйгарып алуу үчүн жаш футболчулар болгон күч аракетин жумшап, турнирде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты. Беш күндүк турнирдин эсеби менен жыйынтык чыгарылып, 1-орунду шаарыбыздын “Токмок-1” командасы ээлеп алды. Ал эми 2-орунду Талас облусунан келген команда багындырса, 3-орунду кайрадан эле шаарыбыздын “Токмок-2” командасы камсыз кылып, намысты колдон кое беришкен жок. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, медаль жана футбол топторун мэриянын жалпы бөлүмүнүн жетекчиси Болот Кадыркулов жана БӨОРСМ мүдүрү Азамат Базаркулов салтанаттуу тапшырышты.
Мындан сырткары, салтка айлангандай эле уюштуруучулар оюнчулардын мыктыларын тандоону унутта калтырышкан жок. “Мыкты чабуулчу” наамы Бакыт Сатаровго ыйгарылса, “Мыкты оюнчу” — Айбек Рыскулбеков, “Мыкты коргоочу” — Нурсултан Сагынбеков, “Мыкты дарбазачы”- Байтур Бактыбеков деп табылып, грамоталар тапшырылды. Токмок жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү турнирдин уюштуруучусунун милдетин аткарды.

Э. ТОЙМАТОВА.