Жаш киксбоксчулардын ийгилиги

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбызда көпчүлүккө белгилүү “Мангуст” спорт клубунун тарбия алуучуларынын спорт айдыңында жараткан ийгиликтери аталган спорт клубдун атын шаарга гана эмес, өлкөгө таанытып келе жатышат. Анын машыктыруучусу Хи Хи Малик учурунда өзү кикбоксинг боюнча эл аралык турнирлерге катышып, Кыргызстандын желегин көп жолу желбиретип келген. Учурда ал спорттун өнүгүшүнө, жаш чемпиондорду өстүрүп, даярдоого чоң салымын кошкон мыкты машыктыруучулардын катарында.
Элет жеринде кикбоксинг спортунун түрлөрүн жана жаштар арасында дени сак жашоону жайылтуу максатында өткөн жылдын октябрь айынан бери “Мангуст” спорт клубунун филиалы Жаңы-Жол айылында ачылган. Аз убакыттын ичинде анын тарбия алуучулары спорт айдыңында бир топ ийгиликтерди жаратууга жетишишти. Бул тууралуу аталган филиалдын машыктыруучусу Талант Сейткулов билдирди.
Жакында борбор калаабызда кикбоксинг боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Аталган турнирге өлкөбүздүн ар дубанынан 250 мыкты кикбоксчу катышып, күч сынашышты. Токмоктогу “Мангуст” спорт клубунун 15, ошондой Жаңы-Жол айылдык филиалдын 20 кикбоксчусу аталган турнирге катышып, мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. 20 кикбоксчунун 13ү 1-2-3 орундарды жеңип алышып, атаандаштарын кыйла артта калтырышты. Белгилей кетсек, Жаңы-Жол айылындагы кикбокс боюнча спорт клубдун спортчулары Чүй мектеп-интернатынын тарбия алуучулары болуп саналышат. Аталган интернаттын балдарды шахмат оюндарын да мыкты өздөштүрүп, ийгиликтери менен мугалимдерин, тарбиячы эжелерин кубантып келишет.
Талант Сейткуловдун айтымында, пандемияга карабастан, жаш кикбоксчулар аз убакыттын ичинде чоң ийгиликтерге жетишишти. Учурда кикбоксчулар, ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдөгү “Good Like” пансионатында Ушу-саньда, тэйкван-до сыяктуу кикбокстун он түрү боюнча өтө турган эл аралык турнирге даярданып, машыгууларын улантышууда.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru