Жаш таланттар

Менин Шаарым / Мой Город

Чыңгыз Айтматов атындагы №9 орто мектебинин “Ак кеме” вокал жана театр ийриминин катышуучулары “Баластан” телеканалына барып тартылып келгендери тууралуу аталган мектептен билдиришти.
Балдар телеканалына барган ийримдин мүчөлөрү келе жаткан Нооруз майрамына арналган “Ыр майрам” аталыштагы ырды аткарышкан. Аларды “Ак кеме” вокал жана театрлаштырылган ийриминин жетекчиси Асель Маамытова коштоп барган. “Ыр майрам” ырынын тексти физика мугалими Гүланда Чодонованын калемине таандык экенин да белгилей кетели.
“Ак кеме” ийриминин таланттуу балдары бүгүнкү күнгө чейин эле бир топ иш чаралардын көркүн ачып, ар кандай конкурстарга катышып ийгилик жаратып келишет. Мисалга алсак, Токмок шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн “Жоокер ырында” 2 – орунду, “Учкучтардын элесине” конкурсунда 1 орунду ээлешкен. Мындан сырткары, шаардык деңгээлдеги иш чара, таймаштарга тынымсыз катышып, өз мектептеринин намысын коргоп жүрүшөт. Ошондой эле, “Баластан” телеканалына “Алтын ачкыч” жомогун аткарып да тартылышкан.
Ийримдин жетекчиси Асель айымдын билдирүүсү боюнча жыл сайын 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата мектептин жалпы жамаатына жана окуучуларга отчеттук концертин берип келишет.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru