[:ru]Жаштар ордосунда кытай жана англис тил кабинеттери ачылды.[:]

[:ru]

МШТ / МГТ
Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда шаарыбызда жаштардын келечегине кам көргөн жакшы саамалык болуп өттү. Тагыраак айтканда, Жаштар ордосунда “Perspective” окуу борборунун кытай жана англис тил кабинеттеринин ачылыш аземи болду. «Pespective» эл аралык билим берүү борбору  кытай, англис жана немис тилин үйрөтүп гана тим болбостон, тилди жакшыртуу үчүн башка өлкөдө бекер окуп улантууга да мүмкүндүк түзүп берүүчү билим берүү тармагынын бир аянтчасы болуп саналат.
[:]