Жаўы жылга жакшы белек

Менин Шаарым / Мой Город

27 декабрь күнү “ФИНКА Банктын” шаарыбыздагы филиалы Токмок шаардык ооруканага ички жолдорун жана оорукананын айланасын жарыктандыруу үчүн 15 прожекторду кабели менен тартуу кылды. Аймактык оорукананын мүдүрү Бактыгүл Исаева мындай белекке чын жүрөгүнөн кубанганы байкалып турду. Себеби, оорукананын аймагында жарыктын жетишсиздиги бул жактын кызматкерлерине гана эмес, түнкүсүн келип түшкөн бейтаптарга да ыңгайсыз жаратып жатканын жазбасак да түшүнүктүү. Бактыгүл Исаева “ФИНКА Банктын” Токмок шаарындагы филиалынын жетекчиси Нурлан Иманакуновго терең ыраазычылыгын билдирүү менен аны жаңы жылда келген аяз атага салыштырып өттү.
“ФИНКА Банкы” жарандарга банктык кызматтарды гана көрсөтпөстөн коомдук жоопкерчиликти өнүктүрүү, калктын жакыр жана аярлуу катмарларын колдоо, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган коомдук долбоорлорду ишке ашыруу менен коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мындай долбоорлор ар бир квартал сайын ишке ашырылып турат жана ар бир “ФИНКА Банкы” тарабынан жасалган кайрымдуулук, жардам берүү үчүн кылган аракеттерин гезит бетине чыгарып турууга аракет кылып келебиз. Элибиз айтмакчы, жашоочулар баатырларды тааный жүрүүсү кажет.

Э. ТОЙМАТОВА.