Жеңишке жеткен жеткинчектер

Менин Шаарым / Мой Город

Кичи райондо жайгашкан №9 орто мектептин имаратында 28-29 – декабрь күндөрү стол тенниси боюнча окуучулар арасында ачык биринчилик болуп өткөн. Жаңы жылга карата мэриянын байгесине ат салышкан шаардык турнирге жалпысынан кырктан ашуун спортчулардын арасында Балыкчы шаарынан келген жаштар да бар эле.
Кызуу таймашта алдыга озгон окуучулардын мыктылары аныкталып, атайын байгелерге, диплом, медалдарга ээ болуп кайтышты.

Өткөн жылдын декабрь айында борбор калаабыз Бишкекте таэквондо боюнча эл аралык турнир болуп өткөн. Үмүт кубогуна өлкөбүздүн ар аймактарынан жана коңшу өлкөбүз Казакстандан келген 250дөн ашуун спортчу ат салышкан.
Токмок шаарынан 10 спортчу барып, 8 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп кайтышкан. Биринчи орунду 21 килограмм салмак ченинде 5-6 жаш курак категориясында Даниил Багров, 11-13 жаш курактагы 30 килограмм салмак ченинде Амина Изакова, 11-13 жаш курактагы 32 килограмм салмак ченинде Арман Даулеткильдиев, 8 жаш курактагы 34 килограмм салмактан жогорку көрсөткүчтө Карина Даулеткильдиева, 14-17 жаш 58 килограмм салмакта Айпери Есенбекова, 14-17 жаш арасында 64 килограмм салмак ченинде Адина Ромова, 14-17 жаш курак менен 63 килограмм салмак ченинде Акмаль Махмудов, 58 килограмм салмак ченинде 2-орунга жана туля боюнча биринчиликкеГульшаир Акматкулова ээ болду.
7-8 жаш курактагы 32 килограмм салмак ченинде Глеб Пономарев жана 14-17 жаш курактагы 63 килограмм салмак чени менен Кубат Турганбеков коло медаль камсыз кыла алышкан. Спортчулар машыктыруучу Курбан Закировдун жетекчилиги астында болушту.

Э. ТОЙМАТОВА.