Жигиттин түсүн айтпай, ишин айт

Менин Шаарым / Мой Город

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өткөн эрежесиз эр урушка Токмок шаарыбыздан “Барс – Токмок” спорт клубунун мушкерлери Нурадил Арстанбаев жана Шабдан Сейитовдор катышып, байгелүү кайтышты. Нурадил Арстанбаев 66 кг салмакта Ысык-Көлдүн мушкери менен бет келишти. Атаандашына мелдештин акыркы мүнөттөрүндө биринчиликти алдырып жиберип, жердешибиз 2 орунду камсыз кылды. Ал эми Шабдан Сейитов Оштон келген атаандашын жеңип, биринчиликти бөктөрүп алды.  Мырзаларыбыз диплом жана медаль менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *