Жол эрежелерин унутпайлы

Менин Шаарым / Мой Город

Жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга көчөлөрдө, жолдордо жүрүм-турумдун негизги эрежелерин эскертүү, жаш жөө жүргүнчүлөрдүн арасында өз ден-соолугуна, жеке коопсуздугуна жана башкалардын коопсуздугуна карата аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу максатында Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан Токмок шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн менен биргеликте «Жөө жүргүнчүгө кат» жана “Айдоочуга кат” аталыштагы шаардык онлайн акция өткөрүлдү.
Аталган онлайн сынакка шаардык мектептердин 5-6 класстарынын окуучулары активдүү катышышты. Сынактын катышуучулары жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга арналган жүздөгөн каттарды жазышып, анда жол коопсуздугуна жана жол эрежелерин сактоого өз мамилесин билдиришти.
Алар айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн ортосунда пайда болгон көйгөйлөр, бул категориядагы жол кыймылынын катышуучуларынын маданияты жана өз ара сылыктыгы жөнүндө ойлорун чагылдырышкан. Балдар жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга кайрылышып, жол кырсыктарынын азайышы көп жагынан алардан көз каранды экенине ынандырганга аракет кылышты.
Катышуучулардын арасынан мыктылар тандалып, шаардык ЖКККБнын башчысы, милициянын ага лейтенанты Б. Мурсалиев тарабынан даярдалган белек жана грамоталар ыйгарылды. “Айдоочуга кат” конкурсунун жеңүүчүлөрү: 1-орунга №7 орто мектебинин 6 классынын окуучусу А. Токтосунова, 2-орунга №3 орто мектебинин окуучусу А. Кирьянова, 3-орунга №1 мектеп гимназиянын окуучусу С. Шаповалов ээ болду. Ал эми “Жөө жүргүнчүгө кат” сынагынын жеңүүчүлөрү катары №1 мектеп гимназиясынын окуучулары К. Кайыпбеков 1-орунду, 2-орунду Х. Саипова ээлесе, 3-орунду №7 орто мектебинин окуучусу А. Миңбаева багындырды.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru