Жолугушчу күндөр бар

Менин Шаарым / Мой Город

Кечээ, 25-июль күнү ТИПКнын концерт залында, бул окуу жайды 30-жыл мурда бүтүп кеткен студенттердин жолугушуу кечеси болуп өттү. Жүздөрүнөн кубанычтын нуру төгүлгөн курсташтар, бири-бирин көргөндөгү эмоцияларын жашырышкан жок. Кучакташкан, колтукташкан 30-жылдык бүтүрүүчүлөрдү карап туруп, адамга кубаныч тартуулоо үчүн жөн гана жылуу мамиле керек экендигине дагы бир жолу ынанасың.
Кечеге колледждин ардактуу мугалимдери, жүзгө чукул бүтүрүүчүлөр жана алардын класс жетекчилери күбө болушту. Бул жолугушуу кечесине Кыргызстандын баардык региондорунан гана эмес коңшу өлкөбүз Орусиядан да келгендерине күбө болуп, алардын ынтымактарына баа бердим.

Салтанаттуу кечени күндүн күнөөкөрлөрү ачышып, сүйүктүү окуу жайына жана класс жетекчилерине ала келген белектерин тапшырышты. Андан соң колледж мүдүрү О. Карышкырбаев куттуктоо сөзүн алып, окуу жайдын түзүлгөнүнө быйыл 33-жыл болгонун, ушунча жыл аралыгында 6203 балага билим берип, уясынан учурганына токтолуп өттү.
Ал эми бул кеченин уюштуруучуларынын бири Нурбаева Дилбара эже мындан бир жарым жыл мурда группалаш кызын интернет айдыңында кезиктирип калып, жөн гана байланып туруу максатында ватсапка группа ачкан. Акырындап курсташтар, группалаштардын саны арбып, 30-жылдык кечеде жолугуушу пландашкан. «Чынын айтсам, ишенген эмесмин. Буйрук экен, минтип жүз көрүштүк, жолдошум экөөбүз Красноярсктан атайын жолугушууга учуп келдик. Жолдошум менен группалашпыз. Оштон, Нарындан, Ысык-Көл, Таластан дегеле бардык аймактан келдик. Кубанычтабыз.”
Амандык болсо, жакшылык үстүндө жолугушууга эмне жетсин?! Кыргыз элинде “бир жолу даам сызган жериңе, миң жолу салам бер”- дейт эмеспи, андыктан, кош келиңиздер!

Э. ТОЙМАТОВА.