Жыл мыктылары аныкталды

Менин Шаарым / Мой Город

Жаңы жылды утурлай жакшы маанай тартуулаган иш-чаралардын аягы дагы да суюла элек. Мэриянын салтанат залында 2019-жылдын мыкты спортчуларын жана машыктыруучу-окутуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.
Аталган кечеге мэр Д. Амангельдиев, шаардык кеңештин төрагасы Т. Солтобаев, вице-мэр С. Ступников, мэриянын аппарат жетекчиси А. Чорчонов жана дүйнөлүк, Азия, эл аралык мелдештердин өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы чемпиондору, катышуучулары, машыктыруучулары катышышты.

2019-жылдын “Мыкты спортсмени”, “ Жылдын мыкты машыктыруучусу”, “Жылдын мыкты командасы, “Жылдын мыкты журналисти” жана башка номинациялар, акчалай сыйлыктар жана грамоталар тартууланды.

Э. ТОЙМАТОВА.